Окуу-тарбиялык иштер

ТАРБИЯ ИШИНИН ТЕМАСЫ:

 

Өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо мектеп менен ата-эненин орду эбегейсиз.Атадан балага калчу мээримдүүлүк,ыймандуулук,ак ниеттүүлүк, «улууну урматтоо,кичүүнү ызаттоо», адилеттүүлүк, кайраттуулук жана намыскөйлүк мүнөздөр улуттук педагогиканын  туу чокусу. Ошондуктан ,өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо кылымдар бою келе жаткан салт-санааларга коңүл бөлүп, аларды туура кабыл алып, өзүбүздүн жашообузга жол ачуубуз керек.

Өспүрүмдөрдү окууга шыктандыруу жана натыйжаларга жетишүүсүнө түрткү берүү,өспүрүмдөрдүн тарбиясынын деңгээлин өстүрүү максатында 24 класс жетекчи дайындалган. Мектептеги окуучулардын тарбиясы бул-татаал,системалуу жана иреттүү педагогикалык процесс, улуттук каада салт-санааларына таянган, Мекенине болгон сый-урмат жана сүйүү , анан тарыхына, эне тилине, өз элине болгон сүйүүнү калыптандырууга багытталган.Тарбиялоо коомдук көрүнүш катары – бул татаал жана карама-каршылыктуу процесс. Мектеп практикасында мындай кырдаалды көп эле кезиктирүүгө болот: мугалим материалды жеткиликтүү баяндап берет, сабакка  окуучуларды кызыктыра алат. Бирок жаш өспүрүмдү тарбиялоо жана аларга үлгү көрсөтө билүү таптакыр башка татаал нерсе эендигин барыбыз жакшы түшүнөбүз

Тарбиялоо – бул инсандын максат багыттуу жана аң-сезимдүү түрдө уюштурулган социалдашуу процесси, ал өзүнө билимдин түрдүү тармактары боюнча окуучулардын тажрыйбага ээ болуусун жана адамдын инсандык өнүгүүнүн эң маанилүү компоненттери катары социалдык жана руханий мамилелердин калыптануусун камтыйт. Класс жетекчинин сапаттуу ишинин натыйжасы – бул окуучулардын аң-сезиминдеги жана жүрүм-турумундагы оң өзгөрүүлөр.

Тарбиялоонун башкы максаты – инсандын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн шарттарды жаратуу, бул окуучунун өзүн-өзү реализациялоосуна, анын коомдогу мүмкүнчүлүктөрүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. Ошентип, класс жамаатын уюштуруу менен алектенип, анын жетекчиси балдарга активдүү турмуштук позицияны, жашоону сүйүүнү, чыгармачылык башатты, өз күчүнө ишенүүнү жана мунун натыйжасы катары турмуштан өз ордун табууну өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

Коом менен мамлекет, жаш муундарды тарбиялоонун милдеттерин аныктоо менен, мектеп төмөндөгүлөргө жөндөмдүү инсанды тарбиялайт деп болжошот: өзүнүн физикалык билгичтиктерин жана акыл жөндөмдүүлүктөрүн, өз талантын, чыгармачылык жана изилдөөчүлүк билгичтиктерин толук көлөмдө көрсөтүү; өз өлкөсүнүн каада-салттарын, адептик идеалдарын жана баалуулуктарын, өзүнүн жана бөтөндөрдүн укугу менен эркиндигин таануу жана урматтоо; достукту жана толеранттуулукту көрсөтүү; жашоону табияттын баа жеткис белеги катары жана өзүн уникалдуу көрүнүш катары урматтоо; курчап турган чөйрөнү келечектеги муундар үчүн сактагыдай жашоо.

            Тарбиялоо – бул белгилүү бир натыйжага жетүүгө багытталган ырааттуу иш-аракеттердин топтому. Бул бүтүн, көп кырдуу жана узакка созулуучу процесс, анын түзүмүнө: адептик, эстетикалык, социалдык, эмгектик ж.б. компоненттердин көптүгү кирет

Тарбиялоо процессин ар дайым эле божомолдоого болбой тургандыгын, тарбиялануучулардын иш-аракетин да дайыма эле алдын ала айтууга болбой тургандыгын, ал эми  тарбиячынын усулдары менен ыкмалары алар тарабынан каршылык жаратышы да мүмкүн экендигин белгилей кетүү керек.

Тарбиялоо процесси:

  • субъективдүү – тарбиялоонун натыйжасын ар ким тарбиялоо процессинин өзүн жана анын мазмунун өз ой жүгүртүүсүнө жараша кабылдайт;
  • бейформал – кесиптик билимдерди, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү, жан күйдүрүүнү жана чыгармачылык мамилени талап кылат;
  • концептуалдык – ар бир педагог бир эле трабиялануучуга карата өз концепциясын аныктайт.

Окуучуларга тарбия берүудө азыркы жаш өспүрүм курактагы окуучулардын ан-сезимине карата биздин мектепте көп багытта иш-чаралар жүргүзүлүүдө. «Тарбия-билимдин ачкычы» деген ураан менен окуучуларды тарбиялап жатабыз.

Тарбия иштеринде  төмөндөгүдөй багыттардын негизинде иш план  түзүлүп, иш алынып барылып жатты.

Алар төмөнкү багыттар:

  1. Адеп – ахлак багыты
  2. Жарандык тарбия
  3. Мекенчилдикке тарбиялоо
  4. Жаратылышты сүйүүгө тарбиялоо
  5. Көп маданияттуулукка тарбиялоо
  6. Эстетикалык тарбиялоо
  7. Эмгекке тарбиялоо
  8. Тарбиялоо процессинде педагогдун ролу
  9. Баланы,өспүрүмдү, кыз баланы тарбиялоодо үй бүлөнүн ролу

Ички көзөмөл боюнча иш планы

 

1.Окуучуларга жалпы бирдей талап коюу

Аткарылуучу иштерӨткөрүү убагыТекшерилүүчү класстарТекшерүүнүн методдоруАткаруучуларЖыйынтык
1Окуучулардын сырткы көрүнүшүн карап чыгууай сайын1-11рейдТИ боюнча дирек.орун басары, УюштуруучуСправка
2Окуучулардын сабакка катышуусун көзөмөлдөөай сайын1-11матрицаДежур мугалимдерСправка
3Окуу куралдарын текшерүүЧейрек сайын1-11рейдПарламент, уюштуруучуСправка
4Ишембиликтерди уюштуруужума сайын1-11уюштуруучуСправка
5Окуучулардын  Ф-63 документтерин толуктооЖарым жылдыкта1-11Мед.айым, класс жетекчилерСправка
6Ийримдердин журналдарынын  толтурулушун көзөмөлдөө.Жылдык отчету Ай сайынИйрим жетекчилериТИ боюнча дирек.орун басары,Справка

 

2.Өзү-өзү башкаруу уюмунун иштеринин өнүгүшүн көзөмөлдөө

Аткарылуучу иштерӨткөрүү убагыТекшерилүүчү класстарТекшерүүнүн методдоруАткаруучуларЖыйынтык
 1Берилген тапшырмалардын аткарылышысентябрь2-11ТИ боюнча дирек.орун басары, УюштуруучуСправка
2Класс башчыларынын жыйналышы15-30 октябрь5-7, 8-11ПарламентСправка
3Класс башчыларынын ай чейрек сайын берген маалыматычейрек сайын5-11ТИ боюнча дирек.орун басары, УюштуруучуСправка
4Майрамдарды уюштурууГрафик боюнча1-11ТИ боюнча дирек.орун басары, Уюштуруучу, парламентСправка
5Класстарга берилген иш  чаралардын аткарылышы боюнча анализЖыл аягы5-11иш чараладын сценарийиТИ боюнча дирек.орун басары, Уюштуруучу, парламентСправка

 

3.Кооптуу балдар тобу менен алып барылуучу иш-чаралар

Аткарылуучу иштерӨткөрүү убагыТекшерилүүчү класстарТекшерүүнүн методдоруАткаруучуларЖыйынтык
1Кооптуу балдар тобунун базасын жаңыртуу,картотека түзүүСентябрь2-11 классСоц.паспортуСоц.педагог Тарбия завуч
2Мектептин ар кандай коомдук иш чараларына катыштырууЖыл ичи5-11 класстаркласс жетекчилердин маалыматыТарбия завуч ОрганизаторСправка
3Кооптуу балдар тобундагы окуучулардын сабактардын оздоштуртуусуЧейрек сайын5-11 класстарЖетишуу табелиКласс жетекчилерСправка
4Учеттогу окуучуларды кружокторго тартууЖыл ичи1-11ТекшерууМектеп администрациясыСправка

 

  1. Класс жетекчилердин сабактан сырткаркы иштери
Аткарылуучу иштерОткоруу убагыТекшерилуучу класстарТекшерууну методторуАткаруучуларЖыйынтык
1Класстык сааттардын откорулушуЖыл бою5-11 классКласстык сааттарга катышууТарбия завучАнализ
2Мектептин иш чараларына катышууЖыл бою5-11 классИш чараларга катышкан класстарТарбия завучСправка
3Класс жетекчилердин тарбиялык журналдарын козомолдооЧейрек5-11 классЭскертуулорду жазууТарбия завучСправка
4Класс жетекчилердин жарым жылдык отчет анализиЖарым жылдыкта5-11 классТарбия завучСправка
5Мектеп ичиндеги дежурстволорАр дайымМугалимдер жамаатыКоопсуздук, сабактын отулушун козомолдооМектеп администраиясыАнализ

 

7. Ата-энелер менен иш алып баруу

Аткарылуучу иштерОткоруу убагыТекшерилуучу класстарТекшерууну методторуаткаруучуларЖыйынтык
1Жалпы ата-энелер чогулушун уюштурууЖыл бою4-11 классЧогулуштун протоколдоруТарбия завучПротоколдор
2Сабакты себепсиз калтырган жана  тартиби начар окуучулардын ата-энелери менен суйлошуулорду жургузууЖыл бою4-11 классКласс жетекчилердин кайрылуусу боюнчаТарбия завучСправка

 

Тарбия  иштери боюнча  директордун орун басары:  Чодронова  Гүлнур