Мектеп жѳнүндѳ маалымат

Мектептин тарыхы

Ат –Башы районундагы Кара-Булуң орто мектеби 1933-жылы негизделген. Ал Кара-Булуң баштооч мектеби деп аталган.Биринчи директору – Качкынбаев Жунус, биринчи мугалими – Орозалиев Жакып болгон.

1948-жылы Кара-Булуң 8 жылдык мектеби болуп аталган, директору Бугубаев Капар агай болгон.

1972-жылы «Кара-Булуң» орто мектеби болуп аталган. 2001-жылдын 12-майында мектеп депутаттардын Ат-Башы райондук кеңешинин 8 сессиясынын чечими менен Абыл Искендеров атындагы Кара-Булуң орто мектеби болуп аталган.

Мектепте иштеп кеткен директорлор:

Качкынбаев Жунус, Аскарбеков Эшберди, Исаев Нуу, Омуралиев Качкын, Бугубаев Капар, Мусуралиев Баржун, Доолотбаков Шайкыдин, Осмоналиев Капар, Тентимишова Турсун, Садыков Жакыпбек, Сейтакунов, Канназарова Лайли, Эсенгулов Канимет, Жумабаев Мырзабек, Осмоналиев Темирбек, Токтотемиров Жаныбек, Сабитакунов Асан, Айылчиева Динара, Осмоналиева Назгул, Казаков Молдосун, Токторова Гүлнура.

Абыл Искендеров атындагы орто мектеби мамлекеттик бюджеттин эсебинен 14 000 000 сомго курулуп 2008-жылы 3-декабрда пайдаланууга берилген. Мектептин жалпы сыйымдуулугу 180 окуучулук. 10 окуу классы, 3 администрациялык кабинеттер бар. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт.Айылдын борборунда орун алган. Жайгашкан орду: Кара-Булуң айылы, Модубаев Иният көчөсү №26/3. Жалпы аянты:4,430; курулуш ээлеген аянты:1,724; курулуш ээлебеген аянты: 2,706.

2015-жылы мектептин спорт залы мамлекеттик бюджеттин эсебинен 15 000 000 сомго курулду.

2016-жылы мектептеги спорттук аянтча 1 600 000 сомго демөөрчүлөр тарабынан бүткөрүлдү.

2019-жылы мектептин ички дааратканасы 2 000 000 сомго демөөрчүлөр тарабынан бүткөрүлдү.

2022-жылы мектептин жылуулук системасы 1 879 585 сомго толугу менен алмаштырылды.

Мектеп жѳнүндѳ маалымат

Азыркы убакта мектепте 36 мугалим, эмгектенет. Анын ичинде 29 мугалим жогорку,  6 бакалавр, 1 атайын орто билимдуу.

Сыйлыктары боюнча:

Кыргыз Республикасынын  эмгек синирген мугалими — 1,

Билим беруунун мыктысы — 10,

Билим беруу министрлигинин  Ардак грамотасы — 12,

Облустук усулдук билим беруу бөлүмүнүн  Ардак грамотасы — 6,

Райондук БББ Ардак грамотасы — 22.

Мектеп жѳнүндѳ маалымат

2022-2023-окуу жылына карата мектеп ичинде жалпысынан 18 класс комплект бар.

Жалпы окуучунун саны -365

Жогорку класс (5-11-кл.) -181

Башталгыч класс (1-4-кл.) -149

Даярдоо класс(480саат) — 35окуучу

 

Мектептин алган наамдары:

  1. «Айылдагы мыкты мектеп-2011» республикалык кароо-сынагында 3-орун ДИПЛОМ
  2. «Мыкты мектеп-2013» облустук кароо-сынагында баш байге диплом авто машина «Хонда стрим»
  3. 2019-2020-окуу жылында райондук кароо-сынакта  баш байге “Өтмө Кызыл Туу”
  4. 2020-2021-окуу жылында райондук кароо-сынакта баш байге   “Өтмө Кызыл Туу”

Мектеп жѳнүндѳ маалымат

 

Сыйлыктары:

1.КР. Билим берүү жана илим министрлиги 3-даражадагы Диплом 2011-жыл

2.Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн “Экинчи даражадагы диплом” 2012-жыл

3. Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнөн  «Диплом» 2013-жыл

4.Кара-коюн айылдык кеңешинин  “Ыраазычылык каты”  2015-жыл

5.Ат-Башы райондук администрациясынын  “Ыраазычылык каты” 2015-жыл

6.Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн “Жаш талант-2015”

7. Кара-Коюн айылдык кеңешинин » Ыраазычылык каты» 2015-жыл

8.Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн “Гран-При” 2019-жыл

9.»Саякбай Манасчы» коомдук фондунан «Мактоо баракчасы»2019-жыл

10. Ат-Башы райондук администрациясынын  “Ыраазычылык каты” 2020-жыл

11.Ат-Башы райондук администрациясынын  «Ыраазычылык каты» 2021-жыл

12. Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн “Ыраазычылык каты” 2021-жыл

13.И.Арабаев атындагы КМУ «Ыраазычылык каты»2022-жыл

Мугалимдердин жетишкен ийгиликтери (конкурс, кароо сынактар)

2019-2020-окуу жылы Исабаева Айнура «Жыл мугалими -2020» кароо сынагында  1-орундун ээси.