Абыл Искендеровдун ѳмүр баяны

Абыл Искендеровдун ѳмүр баяны

1932-жылы Кара-Коюн айылдык советинин Кара-Булуң айылында колхозчунун үй бүлѳсүндѳ туулган. 1938-жылы «Кара-Булун» жети жылдык мектебине кирген. 1944-жылы 7-классты бутургон. 1945-жылы «Кызыл-Туу» мектебинде окуган. 1948-жылы 10-классты Кара-Суу орто мектебинен бутургон. 1949-жылы Нарындагы педогогикалык училищанын толук курсун буткон. 1949-жылы мурунку Куланак районундагы Кара-Булуң башталгыч мектебинде мугалим болуп иштеген. 1950-54-жылдары Ат-Башырайонундагы Кара-Булун мектебинде иштеген. 1954-жылы Нарындагы мугалимдер институтуна кирип, 1957-жылы Пржевальскийден мугалим институтун бутургон. 1957-жылы Ош областындагы, Лейлек районунун Сталин атындагы мектепке окуу бѳлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Ал жактан 1959-жылга чейин иштеген. 1959-1963-жылдары Лейлек районундагы Курулуш мектебинде  директор болгон. 1963-67-жылдары Ат-Башы районундагы Кара-Булун мектебинде мугалим, 1967-жылдан ушул мектепте окуу болумунун башчасы,1977-жылдан 1986-жылга чейин класстан сырткаркы иштердин уюштуруучусу болуп иштеген. Кѳп жылдар бою мугалим болуп эмгектенди. Жаратылышты коргоонун Нарын областык комитетинин мактоо грамотасынын жана «Эмгек ардагери» медалынын ээси.

Абыл Искендеровдун ѳмүр баяны